# 439-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды жаза өтөө үчүн чет мамлекетке өткөрүп берүүдөн баш тартуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 49-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 439-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-439

---

Төмөндөгү учурларда:

1) эгерде соттолгон адам жараны болуп саналган мамлекеттин мыйзамдары боюнча адам соттолгон жосун кылмыш деп таанылбаса;

2) эгерде эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенден улам же ал мамлекеттин мыйзамдары тарабынан каралган башка негиздер боюнча жаза чет мамлекетте аткарылышы мүмкүн болбосо;

3) эгерде соттолгон адамдан же чет мамлекеттен өкүмдүн жарандык доо бөлүгүн аткаруунун кепилдиги алынбаса;

4) эгерде эл аралык келишимдер тарабынан каралган шарттарда соттолгон адамды өткөрүп берүү жөнүндө макулдукка жетишилбесе;

5) эгерде соттолгон адамдын Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган орду болсо, эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамды өзү жараны болуп саналган мамлекетке өткөрүп берүүдөн баш тартылышы мүмкүн.

6) эгерде чет мамлекеттин соту же компетенттүү органы Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмүн тааныбаса же болбосо Кыргыз Республикасынын сотунун өкүмүн соттолгон адам чет мамлекеттин аймагында жазаны өтөө тартибин жана шарттарын белгилебестен тааныса.

(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [438-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-438)  
Кийинки берене: [440-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-440)
