# 436-статья. Буюмзаттарды өткөрүп берүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-436>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-436.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 436-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-436

---

(1) Өткөрүп берилүүчү адамды чет мамлекеттин компетенттүү органына өткөрүп берүүдө кылмыш куралдары болуп саналган буюмзаттар, ошондой эле кылмыштын белгилери болгон же кылмыштуу жол менен алынган буюмзаттар өткөрүп берилиши мүмкүн. Бул предметтер тапшырма боюнча жана адамды өткөрүп берүү анын өлүмү же башка себептер боюнча болбой турган учурда өткөрүп берилет. (2) Эгерде алар башка жазык ишинин өндүрүшү боюнча зарыл болсо, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн буюмзаттар убактылуу кармала турушу мүмкүн. (3) Үчүнчү жактардын мыйзамдуу укуктарын камсыз кылуу үчүн ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн буюмзаттарды берүү чет мамлекеттин компетенттүү органынын иш боюнча өндүрүш аяктагандан кийин буюмзаттарды кайтарып берүү жөнүндө милдеттенмеси болгондо гана жүргүзүлөт. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [435-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-435)  
Кийинки берене: [437-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-437)
