# 435-статья. Мүмкүн болуучу өткөрүп берүүнү камсыз кылуу үчүн камакка алуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 435-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-435

---

(1) Чет мамлекеттин компетенттүү органынан талаптагыдай жол-жоболонгон тапшырма алынганда жана адамды өткөрүп берүү үчүн мыйзамдуу негиздер болгондо, ал кармалышы мүмкүн жана ага карата ушул Кодексте белгилеген тартипте камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулат. (2) Эгерде адамды өткөрүп берүү жөнүндө тапшырмага чет мамлекеттин компетенттүү органынын адамды камакка алуу жөнүндө чечими тиркелсе, анда ушул адам жоболорго жана ушул Кодекске ылайык камакка алынышы мүмкүн. (3) Эгерде отуз сутканын ичинде өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма белгиленген тартипте келип түшпөсө, анда камакка алынган адам бошотулууга тийиш. Кайталап камакка алууга ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык өткөрүп берүү жөнүндө жаңы тапшырма каралгандан кийин гана жол берилет. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [434-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-434-1)  
Кийинки берене: [436-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-436)
