# 434-статья. Өткөрүп берүүдөн баш тартуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2013 [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-434>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-434.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 434-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-434

---

(1) Төмөнкүдөй учурларда өткөрүп берүүгө жол берилбейт:

1) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө чет мамлекеттен келип түшкөн сурамда көрсөтүлгөн адам Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелсе;

2) эгерде ушул мамлекетте расалык, динге ишенүү, жарандык, улуттук белгиси, кайсы бир социалдык топко таандуулугу же саясий ынанымдары боюнча куугунтуктоо мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу адамга Кыргыз Республикасы тарабынан качкын статусу берилсе;

3) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө талапка негиз болгон жосун Кыргыз Республикасында кылмыш деп таанылбаса;

4) эгерде адамга карата ошол эле кылмыш үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм болсо же иш боюнча кароо токтотулса;

5) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетишине же башка мыйзамдуу негиздердин айынан кылмыш-жаза иши козголушу же өкүм аткарылышы мүмкүн болбосо;

6) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык бул адамды өткөрүп берүү үчүн тоскоолдуктардын болушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар болсо.

7) эгерде чет мамлекеттин компетенттүү органы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын талабы боюнча кошумча материалдарды же өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма боюнча чечимдерди кабыл алууга болбой турган кошумча маалыматтарды бербесе;

8) эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде каралган башка негиздер болсо.

(2) Адамды өткөрүп берүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда болушу мүмкүн:

1) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө жиберилген сурамга байланыштуу жосун Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы анын аймагынын сыртында жасалса;

2) эгерде ошол эле жосун үчүн, Кыргыз Республикасында өткөрүп берүү жөнүндө сурам жиберилген адамга карата жазык куугунтугу жүзөгө ашырылып жатса;

3) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма жиберилген адамга карата жазык куугунтугу жеке айыптоо тартибинде козголсо.

(3) Эгерде адам өткөрүп берилбесе, анда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен бул жөнүндө тийиштүү чет мамлекеттин компетенттүү органдарына билдирет. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [433-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-433-1)  
Кийинки берене: [434-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-434-1)
