# 434-1-статья. Адамды өткөрүп берүүнү жана адамды убактылуу өткөрүп берүүнү кийинкиге калтыруу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-434-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 434-1-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-434-1

---

(1) Ага карата өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма келип түшкөн учурда адам кылмыш куугунтугуна алынса же башка кылмышы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жазасын өтөп жатса, өткөрүп берүү жазык куугунтугу же жаза өтөөсү токтотулганга же кандай болбосун мыйзамдуу негиз боюнча жазадан бошотулганга чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн. (2) Эгерде өткөрүп берүүнү кийинкиге калтыруу кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтүнүн аяктоосуна алып келиши мүмкүн болсо же кылмышты тергөөгө зыян келтирсе, же аны өткөрүп берүү тапшырмасы боюнча талап кылынган адам, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басары тарабынан белгиленген шарттарды сактоо милдеттенмелери болгондо убактылуу өткөрүп берилиши мүмкүн. (3) Эгерде ага карата өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма келип түшкөн адам катуу ооруп жатса жана оорусу боюнча ден соолугуна зыян келтирбестен өткөрүп берүү мүмкүн болбосо, өткөрүп берүү ал айыгып кеткенге чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн. (4) Эгерде кийинкиге калтыруу мезгилинде адамды өткөрүп берүүгө тоскоолдук кыла турган жагдайлар келип чыкса, Башкы прокурор өткөрүп берүү жөнүндө өзүнүн чечимин кайра кароого укуктуу. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [434-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-434)  
Кийинки берене: [435-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-435)
