434-1-статья. Адамды өткөрүп берүүнү жана адамды убактылуу өткөрүп берүүнү кийинкиге калтыруу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 48-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Ага карата өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма келип түшкөн учурда адам кылмыш куугунтугуна алынса же башка кылмышы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жазасын өтөп жатса, өткөрүп берүү жазык куугунтугу же жаза өтөөсү токтотулганга же кандай болбосун мыйзамдуу негиз боюнча жазадан бошотулганга чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн. (2) Эгерде өткөрүп берүүнү кийинкиге калтыруу кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтүнүн аяктоосуна алып келиши мүмкүн болсо же кылмышты тергөөгө зыян келтирсе, же аны өткөрүп берүү тапшырмасы боюнча талап кылынган адам, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басары тарабынан белгиленген шарттарды сактоо милдеттенмелери болгондо убактылуу өткөрүп берилиши мүмкүн. (3) Эгерде ага карата өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма келип түшкөн адам катуу ооруп жатса жана оорусу боюнча ден соолугуна зыян келтирбестен өткөрүп берүү мүмкүн болбосо, өткөрүп берүү ал айыгып кеткенге чейин кийинкиге калтырылышы мүмкүн. (4) Эгерде кийинкиге калтыруу мезгилинде адамды өткөрүп берүүгө тоскоолдук кыла турган жагдайлар келип чыкса, Башкы прокурор өткөрүп берүү жөнүндө өзүнүн чечимин кайра кароого укуктуу. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
434-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-434-1" title="434-1-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>