# 432-статья. Өткөрүлүп берилген адамдын жазык жоопкерчилигинин чектери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 432-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-432

---

(1) Чет мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген адам, аны өткөрүп берген мамлекеттин макулдугусуз өткөрүп берүүгө байланышпаган башка кылмыш үчүн жазык жоопкерчилигине, жазага тартылышы, ошондой эле үчүнчү мамлекетке өткөрүп берилиши мүмкүн эмес. (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн эрежелери адам аны өткөрүп бергенден кийин, кылмыш жасаган учурларда колдонулбайт. (3) Эгерде өткөрүп берилген адам жазык өндүрүшү аяктагандан кийин отуз күн өткөнгө чейин, ал эми соттолгон учурда - жазаны өтөгөндөн же андан бошотулгандан кийин отуз күн өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетпесе, же ал ыктыярдуу түрдө кайрылып келсе, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамды өткөрүп берген мамлекеттин макулдугу талап кылынбайт. Бул мөөнөткө өткөрүп берилген адам өзүнө байланышпаган себептер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кете албаган убакыт эсептелбейт. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [431-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-431)  
Кийинки берене: [433-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-433)
