# 431-статья. Кыргыз Республикасынын жаранын өткөрүп берүү жөнүндө тапшырманы жиберүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 48-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2013 [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-431.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 431-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-431

---

(1) Эгерде ал адамга карата айыптоо өкүмү же аны айыпкер катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарылса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана эл аралык келишимдер тарабынан каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы чет мамлекеттин тиешелүү компетенттүү органына Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адамды өткөрүп берүү тапшырмасы менен кайрылат. (2) Эгер эки мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жана ага байланыштуу өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма жиберилсе, ошондой эле жосун жаза чарасын колдонууну болуп эсептелсе жана аны жасагандыгы үчүн бир жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндө жазалоо же оор жаза берүү каралса - жазык куугунтугу үчүн өткөрүп берүү учурунда же адам алты айдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратууга соттолсо - өкүмдү аткаруу үчүн өткөрүп берүү учурунда өз ара мамиленин принцибинин негизинде адамды өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма жиберүү жүзөгө ашырылат. (3) Өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма төмөнкүлөрдү камтуусу керек:

1) суратылып жаткан органдын аталышын жана дарегин, соттолгондун (айыпталгандын) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгы жөнүндө маалыматтарды, жашаган жерин же жүргөн жерин, сырткы көрүнүшүн, фото сүрөтүн жана инсандыгын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү башка материалдарды;

2) санкцияны милдеттүү түрдө көрсөтүү менен, жоопкерчилик каралган мыйзамдын текстин келтирип, жасалган кылмыштын иш жүзүндөгү жагдайларын баяндоо;

3) кылмыштын айынан келтирилген мүлктүк зыяндын өлчөмү;

4) мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн же болбосо тиешелүү документтердин ырасталган көчүрмөлөрүн тиркөө менен айыпкер катарында жоопко тартуу жөнүндө токтомдун чыгарылган орду жана убактысы жөнүндө маалыматтар.

(4) Жазык куугунтугу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө тапшырмага камакка алуунун бөгөт коюу чарасы катары тандоо жөнүндө судьянын токтомунун ырасталган көчүрмөсү тиркелүүсү керек. Өкүмдү аткаруу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө сурамга мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген өкүмдүн ырасталган көчүрмөсү жана жазанын өтөлбөгөн мөөнөтү жөнүндө маалымкат тиркелүүсү керек. (5) Өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде каралган башка маалыматтарды да камтышы мүмкүн. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [430-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-430)  
Кийинки берене: [432-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-432)
