# 430-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында жазык куугунтугун улантуу жөнүндө же жазык ишин козгоо жөнүндө тапшырмалардын аткарылышы

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 47-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 430-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-430

---

(Берененин аталышы КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык) (1) Чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган жана Кыргыз Республикасына кайтып келген Кыргыз Республикасынын жаранына карата жазыктык куугунтуктоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чет мамлекеттин компетенттүү органынын тапшырмасы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан каралат. Мындай учурларда иликтөө жана соттук териштирүү ушул Кодекс тарабынан каралган тартипте жүргүзүлөт. (2) Ишти чет мамлекеттин аймагында тергөө жүргүзүү убагында ушуга ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан өз компетенциясынын чектеринде жана белгиленген түрдө берилген далилдер Кыргыз Республикасында тергөөнү улантууда иш боюнча чогултулган башка далилдер менен катар юридикалык күчкө ээ болот. (3) Кыргыз жарандыгы бар жана өзүнө карата кылмыш жасалган жерде жазык куугунтугу козголгонго чейин Кыргыз Республикасына кайтып келген адам тарабынан чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасалган учурда жазык иши ушул Кодекске ылайык чет мамлекеттин тиешелүү органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилген ал кылмыш жөнүндө материалдар боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан жазык иши козголушу жана тергелиши мүмкүн. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [429-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-429)  
Кийинки берене: [431-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-431)
