430-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында жазык куугунтугун улантуу жөнүндө же жазык ишин козгоо жөнүндө тапшырмалардын аткарылышы
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 47-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2013 года № 179
(Берененин аталышы КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык) (1) Чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган жана Кыргыз Республикасына кайтып келген Кыргыз Республикасынын жаранына карата жазыктык куугунтуктоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чет мамлекеттин компетенттүү органынын тапшырмасы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан каралат. Мындай учурларда иликтөө жана соттук териштирүү ушул Кодекс тарабынан каралган тартипте жүргүзүлөт. (2) Ишти чет мамлекеттин аймагында тергөө жүргүзүү убагында ушуга ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан өз компетенциясынын чектеринде жана белгиленген түрдө берилген далилдер Кыргыз Республикасында тергөөнү улантууда иш боюнча чогултулган башка далилдер менен катар юридикалык күчкө ээ болот. (3) Кыргыз жарандыгы бар жана өзүнө карата кылмыш жасалган жерде жазык куугунтугу козголгонго чейин Кыргыз Республикасына кайтып келген адам тарабынан чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасалган учурда жазык иши ушул Кодекске ылайык чет мамлекеттин тиешелүү органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилген ал кылмыш жөнүндө материалдар боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан жазык иши козголушу жана тергелиши мүмкүн. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
430-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-430" title="430-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>