# 428-статья. Тергөө жана сот аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тапшырманы Кыргыз Республикасында аткаруу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 47-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2013 [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-428>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-428.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 428-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-428

---

(1) Сот, прокурор, тергөө органынын жетекчиси чет мамлекеттердин соттордун жана тергөө органдарынын аларга белгиленген тартипте берилген тергөө же сот аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тапшырмаларын ушул Кодекстин жалпы эрежелери боюнча аткарат. (2) Эгерде мунун өзү ушул мамлекет менен түзүлгөн эл аралык келишим (макулдашуу) тарабынан каралса, тапшырманы аткарууда чет мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарынын процесстик ченемдери колдонулушу мүмкүн же, эгер бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келбесе, өз ара мамиле принцибинин негизинде өз ара аракеттенүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенменин негизинде аткарылат. (3) Эл аралык келишимдер же өз ара мамиленин принцибинин негизинде өз ара аракеттенүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмелер тарабынан каралган учурларда, тапшырманы аткарууда чет мамлекеттин тиешелүү уюмунун өкүлү катышышы мүмкүн. (4) Эгерде тапшырманын аткарылышы мүмкүн болбосо, алынган документтер тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же Кыргыз Республикасыыын Сот департаменти аркылуу анын аткарылышына тоскоолдук кылган себептерди көрсөтүү менен тапшырма берген чет өлкөлүк уюмга кайтарылып берилет. Эгерде анын аткарылышы мамлекеттин көз карандысыздыгына же коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн болсо, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келсе, тапшырма кандай гана болбосун учурда кайтарылып берилет. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [427-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-427)  
Кийинки берене: [429-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-429)
