# 427-статья. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда турган күбөнү, жабырлануучуну, жарандык доогерди, жарандык жоопкерди, алардын өкүлдөрүн, экспертти чакыруу жана суракка алуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 47-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 427-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-427

---

(1) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда турган, күбө, жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер, алардын өкүлдөрү, эксперт жазык иши анын өндүрүшүндө турган тиешелүү кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тергөө же сот аракеттерин жүргүзүү үчүн алардын макулдугу менен чакырылышы мүмкүн. (2) Чакыртылуучу адамдын келүүсү жөнүндө тапшырма ушул Кодекстин 425-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган тартипте жиберилет. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн күбөнүн, жабырлануучунун, процесстин башка катышуучуларынын катышуусу менен тергөө жана сот аракеттерин жүргүзүү ушул Кодекстин эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат. (4) Чакыруу боюнча келишкен ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында айыпталуучу катары тартылышы, камакка алынышы же көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөнгө чейин орун алган жосуну үчүн же өкүмдөрдүн негизинде кайтарууга алынышы же жеке эркиндигине башкача чектөөлөр коюлушу мүмкүн эмес. Эгерде чакыруу боюнча келген адам аны чакырган кызмат адамына анын болушу мындан ары талап кылынбаган учурдан тартып он беш сутка өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болуп туруп ушул аймакта калуусун уланта берсе же кеткенден кийин Кыргыз Республикасынын аймагына кайрылып келсе, иммунитеттин колдонулушу токтотулат. (5) Чет мамлекеттин аймагында кайтарууда турган адам чакыруу жөнүндө тапшырмада көрсөтүлгөн аракеттерди жасоо үчүн чет мамлекеттин компетенттүү органы же кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу өткөрүп берилген шартта, ушул статьяда белгиленген тартипте чакыртылат. Мындай адам чет мамлекеттин компетенттүү органынын же кызмат адамынын тиешелүү чечиминин негизинде анын Кыргыз Республикасынын аймагында болушунун бардык мезгилинде кайтарууда турушун улантат. Бул адам тиешелүү чет мамлекеттин аймагында тапшырмага берилген жоопто көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө кайтарып берилиши керек. Өткөрүп берүүнүн же өткөрүп берүүдөн баш тартуунун шарттары эл аралык келишимдерде (макулдашууларда) же өз ара мамиле принцибинин негизинде жазуу жүзүндөгү милдеттенмелерде аныкталат. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [426-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-426)  
Кийинки берене: [428-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-428)
