# 426-статья. Тергөө жана сот аракеттеринин иш жүргүзүүсү жөнүндө тапшырманын мазмуну

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 47-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 426-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-426

---

Айрым тергөө жана сот аракеттеринин иш жүргүзүүсү жөнүндө тапшырма аны жиберген кызмат адамынын колу коюлуп, тиешелүү органдын гербдүү мөөрү менен ырасталып, жазуу түрүндө жазылууга жана өзүнө:

1) тапшырма берген органдын аталышын;

2) тапшырма жиберилген органдын аталышын жана дарегин;

3) жазык ишинин аталышын жана тапшырманын мүнөзүн;

4) өздөрүнө карата тапшырма берилген адамдар, алардын туулган датасы жана жери жөнүндө маалыматтарды кошуп алганда, алардын жарандыгы, ишинин түрү, жүргөн жери жөнүндө маалыматтарды, юридикалык жактар үчүн - алардын аталышын жана турган жерин;

5) аныкталууга тийиш болгон жагдайлардын баяндамасын, ошондой эле суратылып алынуучу документтердин, буюм жана башка далилдердин тизмесин;

6) жасалган кылмыштын иш жүзүндөгү жагдайлары жана анын квалификациясы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү статьясынын тексти жөнүндө маалыматтарды, зарыл болгондо - жосун тарабынан келтирилген зыяндын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.

(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [425-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-425)  
Кийинки берене: [427-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-427)
