# 425-статья. Тергөө жана сот аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тапшырманы жиберүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 47-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920630..920631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 425-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-425

---

(1) Чет мамлекеттин аймагында ушул Кодексте каралган суракка алуу, карап чыгуу, алып коюу, тинтүү, экспертиза жана башка өзүнчө тергөө жана сот аракеттерин жүргүзүү зарылдыгы болгондо сот, прокурор, тергөөчү, тергөө органынын жетекчиси аларды өз ара мамиле принцибинин негизинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими (макулдашуусу) бар чет мамлекеттин компетенттүү органдары же кызмат адамдары жүргүзүшү жөнүндө тапшырма киргизет. (2) Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында өзүнчө тергөө ишин жүргүзүү жөнүндө тапшырма Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аркылуу жиберилет. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот ишинин маселелери боюнча сот аракетин жүргүзүү жөнүндө тапшырма Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аркылуу жиберилет. (3) Тапшырма жана ага тиркелүүчү документтер эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, мамлекеттик, расмий жана ал жөнөтүлүп жаткан ошол чет мамлекеттин тилине котормодо жол-жоболонот. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [424-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-424)  
Кийинки берене: [426-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-426)
