425-статья. Тергөө жана сот аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тапшырманы жиберүү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 47-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2013 года № 179
(1) Чет мамлекеттин аймагында ушул Кодексте каралган суракка алуу, карап чыгуу, алып коюу, тинтүү, экспертиза жана башка өзүнчө тергөө жана сот аракеттерин жүргүзүү зарылдыгы болгондо сот, прокурор, тергөөчү, тергөө органынын жетекчиси аларды өз ара мамиле принцибинин негизинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими (макулдашуусу) бар чет мамлекеттин компетенттүү органдары же кызмат адамдары жүргүзүшү жөнүндө тапшырма киргизет. (2) Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында өзүнчө тергөө ишин жүргүзүү жөнүндө тапшырма Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аркылуу жиберилет. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот ишинин маселелери боюнча сот аракетин жүргүзүү жөнүндө тапшырма Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аркылуу жиберилет. (3) Тапшырма жана ага тиркелүүчү документтер эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, мамлекеттик, расмий жана ал жөнөтүлүп жаткан ошол чет мамлекеттин тилине котормодо жол-жоболонот. (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
425-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-425" title="425-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>