# 422-статья. Моралдык жана башка зыяндын кесепеттерин четтетүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 46-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 422-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-422

---

(1) Жаранды реабилитациялоо жөнүндө чечим кабыл алган орган же кызмат адамы келтирилген зыян үчүн андан расмий кечирим суроого милдеттүү. (2) Келтирилген моралдык зыян үчүн акча түрүндөгү компенсация жөнүндө доолор жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде берилет. (3) Эгерде адамды кармоо, камап коюу, кызматынан бошотуу, медициналык мекемеге жайгаштыруу, соттоо жана ага карата мыйзамсыз колдонулган аракеттер жөнүндө маалыматтар басма сөзгө жарыяланып, радио, теле көрсөтүү боюнча же башка массалык маалымат каражаттарында жайылтылып кетсе, ал адамдын талабы боюнча, ал эми өлүп калган учурда - анын туугандарынын же соттун, прокурордун, тергөөчүнүн талабы боюнча тиешелүү массалык маалымат органдары бир айдын ичинде бул жөнүндө зарыл маалыматты билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [421-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-421)  
Кийинки берене: [423-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-423)
