420-статья. Мүлктүк зыяндын өлчөмүн жана анын ордун толтуртуунун тартибин аныктоо
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 46-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Мүлктүк зыян өзүнө эмгек акынын, пенсиянын, жөлөкпулдун, мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында өзү ажырап калган башка каражаттардын, соттун өкүмүнүн же чечиминин негизинде мыйзамсыз конфискацияланган же мамлекеттин кирешесине алынган мүлктүн, соттун мыйзамсыз өкүмүн аткаруу үчүн өндүрүлүп алынган айып акылардын жана процесстик чыгымдардын, юридикалык жардам көрсөтүү үчүн төлөнгөн суммалардын жана башка чыгымдардын ордун толтурууну камтыйт. (2) Ушул Кодекстин 419-статьясында көрсөтүлгөн, зыяндын ордун толтуртуунун тартиби жөнүндө маалымдама менен документтердин көчүрмөсүн алган учурдан тартып алты айдын ичинде адам ишти токтотуу жөнүндө, башка мыйзамсыз чечимдерди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө өкүм, аныктама (токтом) чыгарган органга мүлктүк зыяндын ордун толтуртуу жөнүндө талап менен кайрылууга укуктуу. Эгерде өкүм жогору турган сот тарабынан токтотулса же өзгөртүлсө, зыяндын ордун толтуртуу жөнүндө талап өкүм чыгарган сотко жиберилет. (3) Зыяндын ордун толтуртуу жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн тартып, бир айдан кечиктирбестен, зарыл учурда финансы органдарынан жана социалдык жактан камсыз кылуу органдарынан эсеп-кысаптарды суратып алуу менен сот, прокурор, тергөөчү зыяндын өлчөмүн аныктап, андан кийин ал зыяндын ордун толтуртууну төлөп берүүнү жүргүзүү жөнүндө токтом чыгарат. (4) Мүлктүк зыяндын ордун толтуртуу жөнүндө талап, сот тарабынан ушул Кодекстин 360-статьясында өкүмдү аткарууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте чечилет. (5) Токтомдун гербдүү мөөр менен ырасталган көчүрмөсү адамга, ал эми ал өлүп калган учурда - ушул Кодекстин 417-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга төлөп берүүнү жүргүзүүгө милдеттүү органдарга берүү үчүн тапшырылат же жиберилет.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
420-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 360-статья
- 417-статья. Мүлктүк зыяндын өлчөмүн жана анын ордун толтуртуунун тартибин аныктоо
- 419-статья
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-420" title="420-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>