Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
42-статья. Айыпкердин, соттолуучунун, соттолгон адамдын (акталган адамдын) укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 ноября 2014 года № 155
(1) Айыпкер:
1) өзүн айыпкер катары тартуу, экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтомдордун, айыптоо корутундусунун көчүрмөлөрүн жана сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколунун көчүрмөсүн алууга;
2) өзүнө коюлуп жаткан күнөө боюнча көрсөтүү берүүгө же көрсөтүү берүүдөн баш тартууга;
3) далил келтирүүгө;
4) өтүнүч жана баш тартуу билдирүүгө;
5) өз эне тилинде же өзү билген тилде көрсөтүү берүүгө;
6) тилмечтин, ошондой эле жактоочуну, анын ичинде камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алуу жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчүн соттун кароосунда кызматынан пайдаланууга;
7) өзүнүн өтүнүчү же жактоочунун өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө аракеттерине катышууга;
8) эксперттин корутундусу менен таанышууга;
9) өзүнүн жактоочусу менен аңгемелешүүнүн санына жана узактыгына чек койбостон жекеме-жеке жана тоскоолдуксуз сүйлөшүүгө;
10) тергөө бүткөндөн кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга жана андан зарыл маалыматтарды көчүрүп алууга;
11) алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин аракеттерине, тергөөчүнүн, прокурордун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга укуктуу;
12) айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратуу жаза түрүндө каралган кылмыш жасаганда жазык ишин соттун сот арачыларынын катышуусу менен кароо жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга;
13) сотко чейинки тездетилген өндүрүшкө жазуу жүзүндө макулдук берүүгө укуктуу.
(2) Соттолуучу ишти соттук териштирүүгө катышууга, тараптардын бардык укуктарынан, соңку сөзүн айтуу, соттун аракетине жана чечимине даттануу укугунан пайдаланууга укуктуу. Соттолуучу анын жазык иши ушул Кодексте соттуулугу тийиштүү болгон сотто жана ошол судья тарабынан каралуу укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. (3) Айыпкер:
1) тергөө жүргүзүп жаткан органдын чакыруусу боюнча келүүгө;
2) камакка алынган учурда жеке тинтүүгө алынууга;
3) врачтык кароодон, дактилоскопиядан өтүүгө, сүрөткө жана башкаларга тартып алууга, күбөлөндүрүүдөн, экспертизадан өтүүгө, биологиялык заттардын (кандын, адамдын организминен чыгуучу заттардын) үлгүсүн берүүгө;
4) тергөөчүнүн, прокурордун буйруктарына баш ийүүгө милдеттүү.
(4) Соттолуучу:
1) сотко чакыруу боюнча келүүгө;
2) сотто төрагалык кылуучунун буйруктарына баш ийүүгө;
3) сотто төрагалык кылуучунун уруксатысыз сот заседаниесинин залынан чыгып кетпөөгө;
4) сот заседаниесинде тартипти сактоого милдеттүү.
(5) Айыпкер, соттолуучу ушул Кодексте каралган башка укуктарга да ээ жана башка милдеттерди да аткарат. (6) Ушул Кодексте каралган тартипте жашы жетпеген өспүрүмдүн же талаптарды аткарууга жөндөмсүз болгон айыпкердин, соттолуучунун укуктарын анын мыйзамдуу өкүлү ишке ашырат. (7) Шектүү убактылуу бөлөк кармоочу жайга же тергөөнүн бөлөк кармоочу жайына жеткирилген ар бир жолу, ошондой эле анын өзүнөн, анын жактоочусунан, жакындарынан ага карата алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын кызматкерлери тарабынан зомбулук жасалгандыгы туурасында даттануу түшкөн учурда, ал тийиштүү документти түзүү менен милдеттүү түрдө медициналык кароодон (күбөлөндүрүүдөн) өткөрүлүүгө тийиш. Медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү милдети убактылуу бөлөк кармоо жайынын же тергөөнүн бөлөк кармоочу жайынын администрациясына жүктөлөт. (8) Соттолгон же акталган адам төмөндөгүлөргө:
1) сот заседаниесинин протоколу менен таанышууга жана ага карата пикирлерин айтууга;
2) соттун чечимдеринин көчүрмөлөрүн алууга жана аларга даттанууга;
3) иш боюнча түшкөн даттануулар жана сунуштар жөнүндө билүүгө жана аларга каршылык билдирүүгө;
4) даттануулардын жана сунуштардын сотто каралышына катышууга укуктуу.
(КР 2004-жылдын 24-мартындагы № 47, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2014-жылдын 15-январындагы № 11, 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 155 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 ноября 2014 года № 155 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 января 2014 года № 11 "О внесении дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 марта 2004 № 47 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "Об адвокатской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
18.11.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…укуктары жана милдеттери
(1) Айыпкер:
1) өзүн айыпкер катары алынып салынды: тартуу жөнүндө, экспертиза кошулду: тартуу, экспертизаларды дайындоо алынып салынды: тууралу токтомдун көчүрмөсүн кошулду: жөнүндө токтомдордун, айыптоо корутундусунун көчүрмөлөрүн жана сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколунун көчүрмөсүн … № 91, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2014-жылдын 15-январындагы № алынып салынды: 11 кошулду: 11, 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 155 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- (Русский) Решение от 30 марта 2010 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 28.12.2009
- Решение Конституционного суда КР от 30 марта 2010 года (по ходатайству гражданки Иманкожоевой Бактыгуль Бекбачаевны о признании второго предложения части 2 статьи 378…Сот практикасы · Решение · 30.03.2010
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Решение Конституционного суда КР от 30 марта 2010 года (по ходатайству гражданки Иманкожоевой Бактыгуль Бекбачаевны о признании второго предложения части 2 статьи 378…Решение · 30.03.2010
- (Русский) Решение от 30 марта 2010 годаРешение Конституционного суда · 28.12.2009
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-42" title="42-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>