# 416-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасы колдонулган адамга карата ишти кайра баштоо

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 416-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-416

---

(1) Эгерде кылмыш жасагандан кийин жин оорусуна чалдыккандыктан ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасы колдонулган адам врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан айыкты деп табылса, сот медицина мекемесинин корутундусунун негизинде ушул Кодекстин 364-статьясынын үчүнчү бөлүгүнүн эрежелери боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонууну токтотуу жөнүндө токтом чыгарат жана ишти тергөө жүргүзүү, ал адамды айыпкер катары жоопко тартуу жана ишти сотко жалпы тартипте чыгарып берүү жөнүндө маселени чечет. (2) Медициналык мекемеде өткөргөн убакыт жазаны өтөө мөөнөтүнө кошулуп эсептелет. 45-1-глава Сотко чейинки тездетилген өндүрүш

(Глава КР 2014-жылдын 15-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [415-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-415)  
Кийинки берене: [416-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-416-1)
