# 416-5-статья. Тергөө өндүрүшү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-416-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 416-5-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-416-5

---

(1) Ушул главанын 416-1-статьясында каралган кылмыштар жөнүндө иштер боюнча тергөө төмөнкүдөй учурларда ушул Кодекстин жалпы эрежелери боюнча жүргүзүлөт:

1) сотко чейинки тездетилген өндүрүшкө кылмыш жасаган адамдын макулдугу болбогондо (күнөөсүн моюнуна албаганда);

2) эгерде кылмыштан мүлктүк зыян тарткан жеке же юридикалык жак анын ордун толтуруу жөнүндө талап койсо жана зыяндын орду толтурулбаса;

3) кылмыштардын жыйындысында, алардын жок дегенде бирөө гана оор, өзгөчө оор кылмыш болуп саналганда;

4) кылмыш адамдардын тобу тарабынан жасалганда жана эгерде алардын бирөө гана күнөөсүн мойнуна албаганда же ишти сотко чейинки тездетилген өндүрүш тартибинде кароого макул болбогондо;

5) эгерде кылмыш жашы жете электер, ошондой эле дене бою же психикалык кемчилдиктеринен улам өздөрүн коргоо укугун өзүлөрү жүзөгө ашыра албаган адамдар тарабынан жазалса;

6) эгерде кылмыш катталган учурдан тартып он сутканын ичинде кылмыш жасоонун олуттуу жагдайларын билүүгө мүмкүн болбогондо;

7) эгерде арыз ээси (жабыр тартуучу) сотко чейинки тездетилген өндүрүшкө каршы болгондо;

8) сотко чейинки тездетилген өндүрүш тартибинде аяктаган иш тергөө өндүрүшү үчүн прокурор тарабынан кайтарылып берилгенде.

(2) Тергөө өндүрүшү ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө бүтүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [416-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-416-4)  
Кийинки берене: [416-6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-416-6)
