# 415-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу, өзгөртүү жана узартуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 415-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-415

---

(1) Сот психиатрдык жардам көрсөтүп жаткан мекеменин администрациясынын сунушу жана врач-психиатрдын комиссиясынын корутундусуна ылайык кийинки алты айга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотот, өзгөртөт же узартат. (2) Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу, өзгөртүү же узартуу жөнүндө маселелер медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыгарган сот же ушул чараны колдонгон жердеги сот тарабынан каралат. (3) Ишти угууга карата дайындоо жөнүндө сот ага карата медициналык мажбурлоо чарасы колдонулган адамдын мыйзамдуу өкүлүнө, медициналык мекеменин администрациясына, жактоочуга жана прокурорго маалымдайт. Сот заседаниесине жактоочунун жана прокурордун катышуусу милдеттүү болот, башка адамдардын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук кылбайт. (4) Сот заседаниесинде медициналык мекеменин сунушу, врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусу текшерилип, заседаниеге катышкан адамдардын пикирлери угулат. Эгерде врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусу күмөн туудурса, сот заседаниеге катышуучу адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча соттук-психиатрдык экспертизаны дайындашы, кошумча документтерди суратып алышы, ошондой эле, эгерде анын акыл-эс абалы боюнча бул мүмкүн болсо, ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын токтотуу, өзгөртүү же узартуу жөнүндө маселе чечилип жаткан адамды суракка алышы мүмкүн. (5) Адамдын акыл-эс абалы мурда дайындалган чараны колдонуунун зарылдыгы жок болгондой, же болбосо медициналык мүнөздөгү башка чараны колдонуу зарылдыгы келип чыккандай абалда болгондо сот медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын кыскартат же өзгөртөт. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын токтотуу же өзгөртүү үчүн негиздер жок болгондо сот мажбурлап дарылоону узартат. (6) Сот медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын токтотуу, өзгөртүү же узартуу жөнүндө, ошого тете аны токтотуудан, өзгөртүүдөн же узартуудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.

---

Мурунку берене: [414-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-414)  
Кийинки берене: [416-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-416)
