# 412-статья. Иш боюнча чечим кабыл алууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 412-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-412

---

(1) Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө ишти соттук териштирүүнүн жүрүшүндө төмөнкү маселелер:

1) жазык мыйзамы тарабынан каралган жосундун орун алгандыгы;

2) өзүнө карата иш каралып жаткан адам ошол жосунду жасагандыгы;

3) жосун акыл-эси соо эмес абалда болгон адам тарабынан жасалгандыгы;

4) кылмыш жасагандан кийин ал адам жазаны дайындоого же аткарууга мүмкүн болбогон жин оорусуна чалдыккандыгы;

5) адамдын жин оорусу өзү үчүн же башка адамдар үчүн коркунуч, же аларга башка олуттуу зыян келтирүү мүмкүнчүлүгүн туудурарлыгы;

6) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын жана атап айтканда, кандай чаралар колдонулууга тийиш экендиги текшерилүүгө жана чечилүүгө тийиш.

(2) Сот ушул Кодекстин 312-статьясынын 9, 10, 11-пункттарында көрсөтүлгөн маселелерди да чечет.

---

Мурунку берене: [411-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-411)  
Кийинки берене: [413-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-413)
