# 406-статья. Өзүнө карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адамдын укуктары

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-406>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-406.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 406-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-406

---

(1) Эгерде соттук-психиатрдык экспертизанын корутундусу боюнча анын оорусунун мүнөзү жана оордугу буга тоскоолдук кылбаса, өзүнө карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адам:

1) өзүнүн кайсы жосунду жасагандыгы үчүн бети ачылып жаткандыгын билүүгө;

2) көрсөтүүлөрдү берүүгө;

3) далилдерди келтирүүгө;

4) өтүнүчтөрдү жана баш тартууларды берүүгө;

5) эне тилинде же өзү билген тилде түшүндүрмө берүүгө;

6) тилмечтин кызматынан пайдаланууга;

7) жактоочу алууга жана аны менен жеке жолугушууга;

8) өз өтүнүчү же жактоочусунун өтүнүчү боюнча тергөөчүнүн уруксаты менен жүргүзүлүүчү тергөө аракеттерине катышууга;

9) ал аракеттердин протоколу менен таанышууга жана аларга карата пикирлерин берүүгө;

10) экспертиза дайындоо жөнүндө токтом жана эксперттин корутундусу менен таанышууга;

11) тергөө аяктагандан кийин, иштин бардык материалдары менен таанышууга жана андан өзүнө керектүү маалыматтарды жазып алууга;

12) тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракеттерине жана чечимдерине даттануу берүүгө;

13) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн ишти сотко жиберүү жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алууга укуктуу.

(2) Ишти соттук териштирүүдө, ал ошондой эле:

1) далилдерди изилдөөгө жана тараптардын жарыш сөздөрүнө катышууга;

2) сот заседаниесинин протоколу менен таанышууга жана ага карата пикирлерин берүүгө;

3) соттун аныктамаларына даттанууга жана даттанылган чечимдердин көчүрмөлөрүн алууга;

4) иш боюнча берилген даттануулар жана сунуштар жөнүндө билүүгө жана аларга карата каршы пикирлер берүүгө;

5) берилген даттанууларды жана сунуштарды соттук кароого катышууга да укуктуу.

(3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамга тергөөчү анын укуктарын тушүндүрүп берүүгө милдеттүү. Укуктарды түшүндүрүп берүү соттук териштирүүдө сот заседаниесинин протоколуна киргизилет.

---

Мурунку берене: [405-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-405)  
Кийинки берене: [407-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-407)
