# 403-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча иш жүргүзүү үчүн негиздер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 403-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-403

---

(1) Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча иш жүргүзүү жазык мыйзамы тарабынан тыюу салынган жосунду акыл-эси соо эмес абалда жасаган же кылмыш жасагандан кийин жазаны дайындоого же аткарууга мүмкүн болбогон жин оорусуна чалдыккан адамдарга карата жүзөгө ашырылат. (2) Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары катуу жин оорусу өзү үчүн же башка адамдар үчүн коркунуч менен байланышкан, же алар тарабынан башка олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон учурда гана дайындалат. (3) Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча иш жүргүзүү ушул Кодекстин жалпы эрежелери, ошондой эле ушул главанын эрежелери тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [402-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-402-1)  
Кийинки берене: [404-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-404)
