# 402-1-статья. Жашы жетелектердин кылмыштары жөнүндө иштер боюнча элдешүү жол-жоболору (калыбына келтирүү сот адилеттиги)

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-402-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 402-1-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-402-1

---

(1) Анча чоң эмес кылмыш же анчейин оор эмес кылмыш жасаган жашы жетелекке карата элдешүү жол-жоболору колдонулушу мүмкүн. (2) Жазык иши боюнча шектелген, айыпталган жашы жетелекке карата кылмыш иши боюнча элдешүү жол-жоболору төмөнкү шарттар болгон учурда дайындалат:

1) жашы жетелек мурда жазык жоопкерчилигине тартылбаган жана соттолбогон;

2) жазык ишинде жабырлануучу болгон;

3) жашы жетелек шектүүнүн, айыпкердин күнөөсү далилденген;

4) жашы жетелек шектүү, айыпкер чын дилинен өкүнгөн жана келтирилген зыяндын ордун толтурган;

5) жашы жетелек шектүү, айыпкер жана жабырлануучу элдешүү жол-жоболоруна катышууга макул болгон.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [402-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-402)  
Кийинки берене: [403-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-403)
