# 40-статья. Шектүүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 40-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-40

---

(1) Шектүү:

1) өзүнө кандай шек коюлуп жаткандыгын билүүгө;

2) өзүнө каршы жазык ишин козгоо жөнүндө токтомдун же кармоо протоколунун көчүрмөлөрүн алууга;

3) өзүнүн укуктары жөнүндө жазуу жүзүндө түшүнүк алууга;

4) биринчи сурак жүргүзүлгөн учурдан тартып, ал эми кармалганда - аны алгачкы текшерүү органына иш жүзүндө жеткирген учурдан тартып жактоочу алууга;

5) көрсөтүү берүүгө, же көрсөтүү берүүдөн баш тартууга;

6) көрсөтүүнү эне тилинде же өзү билген тилде берүүгө;

7) тилмечтин кызматынан пайдаланууга;

8) далилдерди келтирүүгө;

9) өтүнүч жана баш тартуу билдирүүгө;

10) өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколу менен таанышууга жана пикирлерин айтууга укуктуу, бул пикирлер протоколго жазылып калат;

11) тергөөчүнүн уруксаты менен өзүнүн өтүнүчү же жактоочунун, же мыйзамдуу өкүлдүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө аракеттерине катышууга;

12) алгачкы текшерүү органдарынын кызматкеринин аракетине, тергөөчүнүн, прокурордун аракетине жана чечимине даттанууга укуктуу.

(2) Шектүү:

1) ишти тергөөнү жүргүзгөн органдын чакыруусу боюнча келүүгө;

2) тергөөчүнүн, прокурордун тескөөсүнө баш ийүүгө милдеттүү.

(3) Шектүү ишти тергөөнү жүргүзүп жаткан органдын талабы боюнча:

1) текшерилиши, ошондой эле жеке тинтүүгө алынышы;

2) врачтык текшерүүдөн өткөрүлүшү, дактилоскопиядан өтүүгө, сүрөткө жана башкаларга тартып алууга, биологиялык заттардын (кандын, адамдын организминен чыгуучу заттардын) үлгүсүн алууга мүмкүнчүлүк бериши;

3) күбөлөндүрүүдөн өтүшү;

4) экспертизадан өтүшү мүмкүн.

(4) Шектүү ошондой эле ушул Кодексте каралган башка укуктарга да ээ жана башкаларга милдеттүү болот. (5) Шектүүнү убактылуу бөлөк кармоочу жайга ар бир жолку жеткирүүдө, ошондой эле анын өзүнөн, анын жактоочусунан, жакындарынан ага карата алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын кызматкерлери тарабынан зомбулук жасалгандыгы туурасында даттануу түшкөн учурда, ал тиешелүү документти түзүү менен милдеттүү түрдө медициналык кароодон (күбөлөндүрүүдөн) өткөрүлүүгө тийиш. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү милдети убактылуу бөлөк кармоочу жайдын администрациясына жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-41)
