# 396-статья. Педагогдун жана психологдун катышуусу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-396>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-396.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 396-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-396

---

(1) Он алты жашка толо элек, ошондой эле ал куракка толгон, бирок акылы кем деп таанылган жашы жетпеген шектүүнү, айыпкерди суракка алууда педагогдун жана психологдун катышуусу милдеттүү болот. Он алты жаштан улуу жашы жетпегенди шектүүнү, айыпкерди суракка алууда педагог же психолог тергөөчүнүн, прокурордун кароосу боюнча, же жактоочунун өтүнүчү боюнча катышат. (2) Педагог же психолог шектүүгө, айыпкерге тергөөчүнүн уруксаты менен суроо берүүгө, ал эми суракка алуу аяктагандан кийин суракка алуунун протоколу менен таанышууга жана анда жазылгандардын тууралыгы жана толуктугу жөнүндө пикирлерин жазуу жүзүндө жазууга укуктуу. Ал укуктарды тергөөчү жашы жетпегенди суракка алуунун алдында педагогго же психологго түшүндүрүп берет, бул жөнүндө сурактын протоколуна белги коюлат. (3) Сотто жашы жетпегенди соттолуучуну суракка алууда педагогдун же психологдун катышуусу ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүнүн эрежелери тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [395-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-395)  
Кийинки берене: [397-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-397)
