# 395-статья. Жашы жетпеген шектүүнү, айыпкерди, соттолуучуну суракка алуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-395>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 395-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-395

---

(1) Жашы жетпеген шектүүнү, айыпкерди, соттолуучуну суракка алуу күнүнө дем алуусуз эки сааттан, ал эми жалпы алганда күнүнө төрт сааттан ашпоого тийиш. (2) Жашы жетпеген шектүүнү, айыпкерди суракка алууда ушул Кодекстин 46-статьясына ылайык катышуусу милдеттүү болгон жактоочу суракка алынуучуга суроо берүүгө, ал эми суракка алуу бүткөндөн кийин протокол менен таанышууга жана көрсөтүүлөрдүн тууралыгы жана толуктугу жөнүндө пикир айтууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [394-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-394)  
Кийинки берене: [396-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-396)
