# 392-статья. Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыштары жөнүндө иштер боюнча белгиленүүгө тийиш болгон жагдайлар

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920622..920623>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-392>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-392.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 392-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-392

---

(1) Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыштары жөнүндө иштер боюнча тергөө жана соттук териштирүү жүргүзүүдө ушул Кодекстин 82-статьясында каралган жагдайларды далилдөө менен катар:

1) жашы жетпегендин курагы (туулган күнү, айы, жылы);

2) инсандын интеллектик, психикалык өнүгүүсүнүн жана башка өзгөчөлүктөрүнүн деңгээли, ошондой эле анын жашоосунун жана тарбияланышынын шарттары;

3) шыкакчы жана катышуучу чоң адамдардын бар же жок экендиги айкындалууга тийиш.

(2) Жашы жетпегендин жин оорусуна байланышпаган кандайдыр-бир себептер боюнча акылы кем экендиги жөнүндө маалыматтар болгондо, ал өзүнүн коомдук коркунучтуу аракеттерин аңдап биле ала тургандыгы жана аларды башкара ала тургандыгы да айкындалууга тийиш. (3) Ал жагдайларды белгилөө үчүн жашы жетпегендин ата-энеси, педагогдору, тарбиялоочулары жана зарыл маалыматтарды бере алуучу башка адамдар суралышы, ошого тете зарыл маалыматтар суратылып алынышы жана башка тергөө жана сот аракеттери жүргүзүлүшү мүмкүн. (4) Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планын даярдоого жана тергөөчүгө жана сотко корутунду берүүгө милдеттүү. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [391-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-391)  
Кийинки берене: [393-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-393)
