# 39-статья. Шектүү

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202417)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.07.2008 [Закон КР от 14 июля 2008 года № 142 "О внесении изменений и дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202417); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920599..920600>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 39-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-39

---

(1) Төмөндөгүлөр:

1) өзүнө карата жазык иши козголгон адам;

2) өзүнө карата бөгөт коюу чаралары тандалып алынганга чейин кылмыш жасады деген шектенүү боюнча кармалган адам шектүү деп эсептелет.

(2) Тергөө органы кармалган адамды шектүү катары кырк сегиз сааттан ашык кармап турууга укугу жок. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин тергөө органы шектүүнү камактан бошотууга же айып коюуга жана бөгөт коюу чарасын тандап алууга милдеттүү. Айыпталуучуга карата кайтарууда кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы зарыл болгондо прокурордун макулдугу менен тергөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте сотко өтүнүч менен кайрылат. (3) Тергөө органы кармалган адамдын жакын туугандарына анын камакка алынган убактысы жана орду жөнүндө кабарлоого милдеттүү. (4) Тергөө органы жазык ишин кыскартуу же аны айыпкер катары тартуу жөнүндө токтом чыгарган учурдан тартып, адам шектүүнүн абалында болуудан калат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-40)
