# 387-статья. Иш жүргүзүүнү козгоо

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 марта 2014 года № 52 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205274)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.03.2014 [Закон КР от 22 марта 2014 года № 52 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205274); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920635..920636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 387-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-387

---

(1) Жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо укугу прокурорго, сотко - жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо бөлүгүндө таандык. (2) Жарандардын арыздары, уюумдардын кызмат адамдарынын билдирүүлөрү, ошондой эле башка жазык иштерин тергөөнүн жана кароонун жүрүшүндө алынган маалыматтар жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча иш жүргүзүүнү козгоого жүйө болуп саналат. (3) Эгерде келип түшкөн арызда же билдирүүдө ушул Кодекстин 386-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 2-4-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу чыгарылган соттун өкүмүндө жаңыдан ачылган жагдайлардын бар экендигине шилтеме жасалса, прокурор өз токтому менен жаңыдан ачылган жагдайлардын болгондугунан улам иш козгойт, тиешелүү текшерүү жүргүзөт, өкүмдүн көчүрмөсүн жана анын мыйзамдуу күчкө киргендиги жөнүндө соттун справкасын суратып алат. (4) Эгерде арызда же билдирүүдө ушул Кодекстин 386-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн башка жагдайлар көрсөтүлсө, прокурор өз укугунун чегинде жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча иш козгоо жөнүндө токтом чыгарып, ал жагдайларды тергөө үчүн ишти тергөөчүгө жиберет. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти тергөө ушул Кодекстин эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 7-февралындагы N 10-р чечими

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2014-жылдын 22-мартындагы № 52 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [386-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-386)  
Кийинки берене: [388-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-388)
