# 384-статья. Иш боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоонун негиздери

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2015 года № 222 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111266)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2015 [Закон КР от 7 августа 2015 года № 222 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111266); 22.03.2014 [Закон КР от 22 марта 2014 года № 52 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205274); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920644..920645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 384-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-384

---

(1) Соттун күчүнө кирген өкүмү, аныктама, токтому жокко чыгарылышы жана иш боюнча иш жүргүзүүнү жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра баштоо мүмкүн. (2) Жаңы ачылган жагдайлар боюнча жазык иши боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоонун негиздери:

1) (КР 2014-жылдын 22-мартындагы № 52 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү тарабынан белгиленген мыйзамсыз же негизсиз өкүм, аныктама, токтом чыгарууга алып келген жабырлануучунун же күбөнүн түшүндүрмөлөрүнүн, эксперттин корутундусунун атайылап жалган берилиши, ошого тете буюм далилдеринин, тергөө жана сот аракеттеринин протоколдорунун жана башка документтердин атайылап жалган берилиши же котормонун атайын туура эмес которулушу;

3) мыйзамсыз жана негизсиз өкүмдүн, аныктаманын, токтомдун чыгышына алып келген тергөөчүнүн же прокурордун, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү тарабынан белгиленген кылмыштуу аракеттери;

4) ушул ишти кароодо алар тарабынан жасалган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү тарабынан белгиленген судьялардын кылмыштуу аракеттери;

5) өкүмдү, аныктаманы чыгарууда өз алдынча же мурда белгиленген жагдайлар менен бирге соттолгон адамдын күнөөсү жок экендиги жөнүндө же ал үчүн соттолгонго караганда оордугу боюнча башка кылмыш жасагандыгы жөнүндө мурда белгиленген жагдайлар менен бирге, же акталган адамдын же өзүнө карата иш токтотулган адамдын күнөөлүү экендиги жөнүндө күбөлөндүргөн, өкүмдү чыгарууда сотко белгисиз болгон жагдайлар болуп саналат.

(2-1) Жаңы жагдайлар боюнча жазык иши боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоонун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жосундун жазалануусун болтурбоочу же жазаны жеңилдетүүчү мыйзамдын күчүнө кирүүсү;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул жазык иши боюнча сот тарабынан колдонулган мыйзамды же башка ченемдик укуктук актыны конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таануусу;

3) ушул жазык ишин Кыргыз Республикасынын соту тарабынан кароодо адам укуктары жана эркиндиктери бузулгандыгын Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык органдардын белгилөөсү.

(3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 2-4-пункттарында саналып өткөн жагдайлар өкүмдөн тышкары мөөнөттүн эскиргендигинин, мунапыс же кечирим берүү актысынын айынан, күнөөкөрдүн өлүмүнө же күнөөкөр катары тартуу үчүн жашы жетпегендигине байланыштуу жазык ишин токтотуу жөнүндө, жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасы, токтому, прокурордун, тергөөчүнүн токтому тарабынан белгилениши мүмкүн. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 7 февралы N 10-р чечими Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014 -жылдын 19 марты № 22 чечими

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2014-жылдын 22-мартындагы № 52, 2015-жылдын 7-августундагы № 222 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [383-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-383-2)  
Кийинки берене: [385-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-385)
