# 383-статья. Көзөмөл тартибинде сот тарабынан кабыл алынган чечимдер

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 193 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202407)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.08.2008 [Закон КР от 5 августа 2008 года № 193 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202407); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510); 24.05.2004 [Закон КР от 24 мая 2004 года № 68 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1454)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920602..920603>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-383>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-383.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 383-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-383

---

(1) Көзөмөлдүк инстанциядагы сот (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот коллегиясы) ишти көзөмөл тартибинде карап чыгат жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жергиликтүү соттун сот актысын (сот актыларын) күчүндө калтырып, ал эми даттанууларды же сунуштамаларды канааттандырбоого;

2) сот актыларынын иши боюнча мурда чыгарылгандардын бирин күчүндө калтырууга жана калган сот актыларын жокко чыгарууга;

3) коюлган күнөөнүн чектеринде жергиликтүү соттордун сот актыларына өзгөртүү киргизүүгө;

4) жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана жазык ишин кыскартууга;

5) көзөмөл өндүрүшүн токтотууга жана мыйзамга расмий чечмелөө берүү жөнүндө суроо-талапты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүүгө, мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү тууралу өтүнүчтү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жиберүүгө;

6) жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана жаңы чечим кабыл алууга;

7) жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарат жана ишти

биринчи же апелляциялык инстанциянын сотуна жаңыдан кароого жөнөтөт. (2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот коллегиясынын чечими 1, 2, 3, 4-пункттардын негизинде токтом түрүндө, 6-пункттун негизинде токтом жана өкүм түрүндө, 5 же 7-пункттардын негизинде аныктама түрүндө чыгарылат. (3) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот коллегиясынын чечими акыркы болуп саналат жана даттануута жатпайт. (4) Көзөмөл инстанциясындагы сот көзөмөлдүк өндүрүштү төмөнкүдөй учурларда кыскартат:

1) эгерде даттануу жана (же) сунуш кайра чакыртылып алынса;

2) эгерде ага каршы сунуш (даттануу) берилген соттолгон, акталган же соттолуучу адам өлүп калса;

3) эгерде соттук заседаниеде процесстин катышуучусу өзүнүн даттануусун же өзүнүн жактоочусунун, өкүлүнүн даттануусун колдобосо;

4) эгерде процесстик ишти көзөмөл тартибинде карап чыгуу учуруна карата он сегиз жаш куракка жеткен катышуучусу өзүнүн мурдагы мыйзамдуу өкүлүнүн, жактоочусунун даттануусун колдобосо;

5) эгерде сот заседаниесине катышкан прокурор сунушту колдобосо;

6) эгерде даттануу жергиликтүү сотто каралууга жатса;

7) ушул Кодекстин 376-статьясынын экинчи бөлүгүнүн негизинде.

(КР 2004-жылдын 24-майындагы № 68, 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 5-августундагы № 193, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [382-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-382)  
Кийинки берене: [383-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-383-1)
