# 383-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жаңы чечим кабыл алуунун негизи жана тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-383-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 383-1-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-383-1

---

(1) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот коллегиясы, эгерде жергиликтүү сот тарабынан өкүм чыгарылып, бирок укук ченемин колдонууда жана далилдерге баа берүүдө каталар кетирилсе жазык иши боюнча жаңы чечим кабыл алат. (2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот коллегиясы:

1) жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана жазык иши боюнча өндүрүштү токтотууга;

2) жергиликтүү соттордун сот актыларын жокко чыгарууга жана жаңы өкүм чыгарууга укуктуу.

(КР 2004-жылдын 24-майындагы № 68, 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [383-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-383)  
Кийинки берене: [383-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-383-2)
