# 378-статья. Көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан иштерди карап чыгуунун тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920587..920588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-378>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 378-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-378

---

(1) Көзөмөл даттануусу же сунушу бар иш келип түшкөн учурда көзөмөл инстанциясындагы соттун төрагасы же анын орунбасары соттук курамды дайындайт, иш боюнча төрагалык кылуучуну жана доклад кылуучу судьяны аныктайт, ага ишти даттануу (сунуш) жана башка материалдар менен чогуу өткөрүп берет. Доклад кылуучу судья ишти, даттанууну жана сунушту карап чыгып, соттук заседаниени дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, анда соттук заседаниенин убактысын жана ордун, заседаниеге чакырылууга тийиш болгон адамдарды көрсөтөт. (2) Көзөмөл инстанциясындагы сот ишти карай турган күн жөнүндө тараптарга маалымдайт. Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт. Камакта отурган соттолгон адамдын (айыпталуучунун) соттук заседаниеге катышуусу жөнүндөгү маселе көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан чечилет. (3) Жазык иштери көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан ушул Кодекстин 31-статьясында аныкталган курамда каралат. (4) Төрагалык кылуучу жазык иштерин карап чыгуу үчүн белгиленген убакытта соттук заседаниени ачат жана кайсы иш териштирилүүгө тийиш экендигин жарыялайт. (5) Соттук заседаниенин катчысы процесстин кабар берилген катышуучуларынын тизмесин жарыялайт жана жана көрсөтүлгөн адамдардын ичинен кимиси келгенин жана жок адамдардын келбей калышынын себептерин доклад кылат. Төрагалык кылуучу ишти карап чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө процесстин катышуучуларынын пикирин сурайт. Сот соттук заседаниени улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктаманы соттук заседание залында же кеңешүү бөлмөсүнө барып чыгарат. Аныктаманы төрагалык кылуучу жарыя кылат жана ал соттук заседаниенин протоколуна киргизилет. (6) Төрагалык кылуучу соттун курамын, соттук заседаниенин катчысынын, прокурордун, котормочунун фамилияларын жарыялайт жана иш боюнча келген адамдардан аларда четке кагуу жөнүндө арыздын бар же жок экендиги жөнүндө сурайт. Четке кагуу жөнүндө арыз ушул Кодекстин 73-статьясына ылайык сот тарабынан кеңешүү бөлмөсүндө чечилет, мында өзүнчө документ түрүндө аныктама чыгарылат. (7) Төрагалык кылуучу иш боюнча келген адамдардан алардын расмий өтүнүчтөрү жөнүндө сурайт. Билдирилген расмий өтүнүчтөр боюнча сот аныктама чыгарат, ал соттук заседаниенин протоколуна киргизилет. (8) Доклад кылуучу судья иштин маңызын, даттануулардын негизги далилдерин, сунуштарды, аларга каршы пикирди, кошумча материалдарды жарыялайт. Судьялар докладчыга суроо бере алышат. (9) Сот даттанууну же сунушту берген тараптардын, андан кийин башка тараптын сөзүн угат. Судья тараптарга суроо берүүгө укуктуу. (10) Тараптар сүйлөп бүткөндөн кийин судьялар кеңешүү бөлмөсүнө кетишет. (11) Көзөмөл инстанциясындагы соттун чечими кеңешүү бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Судья добуш берүүдө калыс калууга же ага катышпай коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу добушту акырында берет. Эгерде судьялардын көпчүлүгү жактап добуш берсе, көзөмөл инстанциясындагы соттун чечими кабыл алынды деп эсептелет. (12) Көзөмөл инстанциясындагы соттун заседаниесинде протокол жүргүзүлөт, ага соттук заседаниенин төрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет. (13) Соттук заседаниенин иш тартиби жана укук бузуучуларга карата көрүлүүчү чаралар ушул Кодекстин 269, 271-статьяларында каралган эрежелер боюнча аныкталат. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 24-майындагы № 7-р чечими (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [377-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-377)  
Кийинки берене: [379-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-379)
