Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
378-статья. Көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан иштерди карап чыгуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 42-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2004 года №111
(1) Көзөмөл даттануусу же сунушу бар иш келип түшкөн учурда көзөмөл инстанциясындагы соттун төрагасы же анын орунбасары соттук курамды дайындайт, иш боюнча төрагалык кылуучуну жана доклад кылуучу судьяны аныктайт, ага ишти даттануу (сунуш) жана башка материалдар менен чогуу өткөрүп берет. Доклад кылуучу судья ишти, даттанууну жана сунушту карап чыгып, соттук заседаниени дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, анда соттук заседаниенин убактысын жана ордун, заседаниеге чакырылууга тийиш болгон адамдарды көрсөтөт. (2) Көзөмөл инстанциясындагы сот ишти карай турган күн жөнүндө тараптарга маалымдайт. Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт. Камакта отурган соттолгон адамдын (айыпталуучунун) соттук заседаниеге катышуусу жөнүндөгү маселе көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан чечилет. (3) Жазык иштери көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан ушул Кодекстин 31-статьясында аныкталган курамда каралат. (4) Төрагалык кылуучу жазык иштерин карап чыгуу үчүн белгиленген убакытта соттук заседаниени ачат жана кайсы иш териштирилүүгө тийиш экендигин жарыялайт. (5) Соттук заседаниенин катчысы процесстин кабар берилген катышуучуларынын тизмесин жарыялайт жана жана көрсөтүлгөн адамдардын ичинен кимиси келгенин жана жок адамдардын келбей калышынын себептерин доклад кылат. Төрагалык кылуучу ишти карап чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө процесстин катышуучуларынын пикирин сурайт. Сот соттук заседаниени улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктаманы соттук заседание залында же кеңешүү бөлмөсүнө барып чыгарат. Аныктаманы төрагалык кылуучу жарыя кылат жана ал соттук заседаниенин протоколуна киргизилет. (6) Төрагалык кылуучу соттун курамын, соттук заседаниенин катчысынын, прокурордун, котормочунун фамилияларын жарыялайт жана иш боюнча келген адамдардан аларда четке кагуу жөнүндө арыздын бар же жок экендиги жөнүндө сурайт. Четке кагуу жөнүндө арыз ушул Кодекстин 73-статьясына ылайык сот тарабынан кеңешүү бөлмөсүндө чечилет, мында өзүнчө документ түрүндө аныктама чыгарылат. (7) Төрагалык кылуучу иш боюнча келген адамдардан алардын расмий өтүнүчтөрү жөнүндө сурайт. Билдирилген расмий өтүнүчтөр боюнча сот аныктама чыгарат, ал соттук заседаниенин протоколуна киргизилет. (8) Доклад кылуучу судья иштин маңызын, даттануулардын негизги далилдерин, сунуштарды, аларга каршы пикирди, кошумча материалдарды жарыялайт. Судьялар докладчыга суроо бере алышат. (9) Сот даттанууну же сунушту берген тараптардын, андан кийин башка тараптын сөзүн угат. Судья тараптарга суроо берүүгө укуктуу. (10) Тараптар сүйлөп бүткөндөн кийин судьялар кеңешүү бөлмөсүнө кетишет. (11) Көзөмөл инстанциясындагы соттун чечими кеңешүү бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Судья добуш берүүдө калыс калууга же ага катышпай коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу добушту акырында берет. Эгерде судьялардын көпчүлүгү жактап добуш берсе, көзөмөл инстанциясындагы соттун чечими кабыл алынды деп эсептелет. (12) Көзөмөл инстанциясындагы соттун заседаниесинде протокол жүргүзүлөт, ага соттук заседаниенин төрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет. (13) Соттук заседаниенин иш тартиби жана укук бузуучуларга карата көрүлүүчү чаралар ушул Кодекстин 269, 271-статьяларында каралган эрежелер боюнча аныкталат. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 24-майындагы № 7-р чечими (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (3)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- (Русский) Решение от 30 марта 2010 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 28.12.2009
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 24-майындагы № 07-р "Жаран Жамалдин Оморовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Сот практикасы · Решение · 24.05.2017 · № 07-р
- Решение Конституционного суда КР от 30 марта 2010 года (по ходатайству гражданки Иманкожоевой Бактыгуль Бекбачаевны о признании второго предложения части 2 статьи 378…Сот практикасы · Решение · 30.03.2010
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 24-майындагы № 07-р "Жаран Жамалдин Оморовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Решение · 24.05.2017 · № 07-р
- Решение Конституционного суда КР от 30 марта 2010 года (по ходатайству гражданки Иманкожоевой Бактыгуль Бекбачаевны о признании второго предложения части 2 статьи 378…Решение · 30.03.2010
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 16 - мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар…Постановление · 16.03.2017
- (Русский) Решение от 30 марта 2010 годаРешение Конституционного суда · 28.12.2009
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-378" title="378-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>