# 377-статья. Көзөмөл тартибинде соттун кароосуна даттанууларды жана сунуштарды киргизүүнүн тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920587..920588>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 377-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-377

---

(1) Көзөмөл тартибинде соттун кароосуна процесстин катышуучусунун даттануусу, прокурордун сунушу өкүмдү, токтомду, аныктаманы чыгарган биринчи инстанциясындагы сот аркылуу ушул Кодекстин 340-статьясынын талаптарын сактоо менен киргизилет. (2) Өкүмдү, токтомду чыгарган сот даттануу жана сунуш берилгендиги жөнүндө айыпталуучуга же акталган адамга, жактоочуга, айыптоочуга, жабыралнуучуга жана анын өкүлүнө, ошондой эле жарандык доочуга, жарандык жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө билдирет. Сот даттануу же сунуш менен таанышып, аларга даттанууга же сунушка каршы пикирди жазуу жүзүндө берүү укугун түшүндүрөт. Сот аларга башка тарап берген даттануунун же сунуштун көчүрмөсүн тапшырат. (3) Даттанууга же сунушка берилген каршы пикир ишке кошулат. (4) Тараптар башка тараптын даттанууларынын же сунуштарынын негиздемелерин ырастап сотко жаңы материалдарды берүүгө укуктуу. (5) Көзөмөл инстанциясындагы сот ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн талаптарын сактабастан берилген даттанууну же сунушту карабастан калтырат, бул жөнүндө токтом чыгарылат. Эгерде даттанууну же сунушту берген жак ушул Кодексте өзүнө берилген укуктардын чегинен чыкса, даттануу же сунуш кароосуз калтырылышы мүмкүн. (6) Процесстин катышуучусу өзүнүн даттануусун жана өзүнүн жактоочусунун жана өкүлүнүн даттануусун кайра чакыртып алууга укуктуу. Процесстин жашы жете элек катышуучусу өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн жана жактоочусунун даттануусун өзү бойго жеткен күнү гана кайра чакыртып ала алат. Сунушту аны берген прокурор жана жогору турган прокурор кайра чакырта алат. Даттанууну жана сунушту судьялар кеңешүү бөлмөсүнө кеткенге чейин кайра чакыртып алууга жол берилет. (7) Сунушту жана (же) даттанууну кайра чакыртып алуу көзөмөл өндүрүшүн кыскартууга алып келет, бул жөнүндө көзөмөл инстанциясындагы сот токтом чыгарат. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [376-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-376)  
Кийинки берене: [378-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-378)
