# 375-статья. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерге даттануу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года №111 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1510); 24.05.2004 [Закон КР от 24 мая 2004 года № 68 "О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1454)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920624..920625>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 375-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-375

---

(1) Соттолгон адам, анын мыйзамдуу өкүлү жана жактоочусу, ошондой эле жабырлануучу жана анын өкүлү, жарандык доогер, жарандык жоопкер жана анын өкүлдөрү даттануу берүүгө, ал эми ишти кароого катышкан прокурор, ошондой эле жогорку турган прокурор Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, областтык же ага теңештирилген сотуна сунуш берүүгө укуктуу. Прокурордун сунушу сот заседаниеси башталганга чейин жогору турган прокурор тарабынан кайра алынышы мүмкүн. (2) Даттануу же сунуш жазык иши сот тарабынан иш келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашпаган мөөнөттө каралат. (3) Бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну жана үй камагын колдонуу жөнүндө, аны менен катар камакка алуунун, үй камагынын мөөнөтүн узартууга карата соттук чечимге прокурор, айыпталуучу же анын коргоочусу тарабынан кассациялык инстанциянын чечими чыккан күндөн тартып беш сутканын ичинде даттанылышы мүмкүн. Прокурордун сунушу, айыпталуучунун же анын коргоочусунун даттануусу ал сотко келип түшкөн күндөн тартып он беш суткадан кечиктирилбестен каралуусу керек. (КР 2004-жылдын 24-майындагы № 68, 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [374-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-374-1)  
Кийинки берене: [376-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-376)
