# 373-статья. Соттор тарабынан соттуулукту алып салуу жөнүндө өтүнүчтөрдүн каралышы

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 373-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-373

---

(1) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 76-статьясына ылайык соттуулукту алып салуу жөнүндө маселе жаза өтөп жаткан адамдын жашаган жери боюнча сот тарабынан ошол адамдын өтүнүчү боюнча чечилет. (2) Өтүнүчтүн келип түшкөндүгү жөнүндө прокурорго маалымдалат. Сот заседаниесине прокурордун келбей коюшу өтүнүчтү кароого тоскоолдук кылбайт. Өзүнүн соттуулугун алып салуу жөнүндө өтүнүч каралып жаткан адам сотко катышууга милдеттүү. (3) Соттуулукту алып салуу жөнүндө өтүнүчтү кароо судьянын доклады менен башталып, андан кийин сот чакырылган адамдарды жана прокурордун корутундусун угат. (4) Соттуулукту алып салуу жөнүндө өтүнүчтөн баш тартылган учурда, бул жөнүндө кайталап өтүнүч берүү баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып кеминде алты ай өткөндөн кийин козголушу мүмкүн. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [372-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-372)  
Кийинки берене: [373-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-373-1)
