# 373-6-статья. Кассациялык инстанциядагы соттун чечими

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: XI БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-373-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 373-6-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-373-6

---

(1) Жазык ишин кассациялык тартипте карап чыгуунун натыйжасында кассациялык инстанциядагы сот төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:

1) даттанылган соттук актыны күчүндө калтыруу жөнүндө;

2) даттанылган соттук актыны өзгөртүү жөнүндө;

3) даттанылган соттук актыны бузуу жөнүндө жана жазык ишин кыскартуу жөнүндө;

4) даттанылган соттук актыны бузуу жөнүндө жана ишти биринчи инстанциядагы сотко жаңыдан карап чыгууга жөнөтүү жөнүндө, болбосо сотто жоюлбай турган тергөө кемчиликтерин жоюу үчүн ишти прокурорго кайра кайтаруу жөнүндө;

5) ушул Кодекстин 373-5-статьясынын он төртүнчү бөлүгүнүн негизинде кассациялык өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

(2) Кассациялык инстанциясындагы соттун чечими аныктама түрүндө чыгарылат. (3) Кассациялык инстанциясындагы соттун чечими кеңешүү бөлмөсүндө түзүлөт жана ага жазык ишин кароого катышкан үч судья тең кол коет. Өзгөчө учурларда гана өтө татаал иш боюнча жүйөлүү чечимди түзүү он күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок чечимдин корутунду бөлүгү кеңешүү бөлмөсүндө түзүлөт жана ага судьялар ошо жерден кол коюшат. (4) Чечимди төрагалык кылуучу же доклад кылуучу судья жарыя кылат. Соттук заседаниенин залында катышып олтургандардын бардыгы чечимди орундарынан туруп угушат. (5) Көпчүлүк судьялардын чечими менен макул болбогон апелляциялык инстанциянын судьясы соттун чечимине эч бир шылтоосуз кол коюууга милдеттүү жана өзгөчө пикирин кеңешме бөлмөсүндө кат жүзүндө жазып берүүгө укуктуу, ал төрагачылык кылуучуга тапшырылат жана кылмыш ишине "өзгөчө пикир" деген белги менен чапталган конвертте тиркелет. Өзгөчө пикир менен көзөмөлдөө инстанциясынын соту аталган кылмыш ишин кароодо таанышууга укуктуу. Өзгөчө пикир бар экендиги жөнүндө процесстин катышуучуларына кабарланбайт, өзгөчө пикир сот жыйынынын залында жарыяланбайт. (6) Кассациялык инстанциясындагы соттун чечими көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанылышы мүмкүн. (КР 2004-жылдын 8-августундагы № 111, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 5-августундагы № 193 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [373-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-373-5)  
Кийинки берене: [373-7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-373-7)
