# 37-статья. Тергөө кичи бөлүмүнүн жетекчисинин ыйгарым укуктары

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2001 года №62 " О внесении изменений и дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/469)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920576..920577>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 37-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-37

---

(1) Тергөө кичи бөлүмүнүн жетекчиси тергөө жүргүзүүнү тергөөчүгө тапшырат, өзүн кароосунда турган жазык иштери боюнча тергөөчүлөрдүн аракеттеринин өз учурунда жасалышына, тергөөчүлөр тарабынан тергөө жана камакта кармоо мөөнөттөрүнүн сакталышына, прокурордун көрсөтмөлөрүнүн, ушул Кодексте белгиленген учурларда башка тергөөчүлөрдүн тапшырмаларынын аткарылышына контролдук жүргүзөт; иштер боюнча көрсөтмө берет, ишти бир тергөөчүдөн башкасына берет, тергөө жүргүзүүнү бир нече тергөөчүгө тапшырат. Тергөө кичи бөлүмүнүн жетекчиси тергөөчүнүн ыйгарым укугунан пайдаланып, тергөөчүнүн кароосунда турган иш боюнча тергөөгө катышууга, ал эми бөлүмдүн, бөлүкчөнүн башчысы жана алардын орун басарлары жеке өздөрү тергөө жүргүзүүгө укуктуу. (2) Тергөө кичи бөлүмүнүн жетекчисинин жазык иши боюнча көрсөтмөлөрү тергөөчүнүн ушул Кодекстин 36-статьясында белгиленген өз алдынчалыгын, анын укуктарын чектей албайт. Тергөөчүгө көрсөтмө жазуу жүзүндө берилет жана милдеттүү түрдө аткарылат, бирок ал макул болбогон учурда прокурорго даттанылышы мүмкүн. (КР 2001-жылдын 29-июнунундагы № 62 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-38)
