# 367-статья. Жазанын өтөлө элек бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштыруу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202917)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920612..920613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-367>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-367.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 367-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-367

---

(1) Сот өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдардан башка, жазаны эркиндигинен ажыратуу түрүндө өтөп жаткан адамга, анын жазаны өтөп жаткан мезгилдеги жүрүм-турумун эске алуу менен, жазанын өтөлбөй калган бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 42-статьясында көрсөтүлгөн жазалардын түрлөрүнө ылайык жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштыра алат. (2) Жазанын өтөлө элек бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштыруу жөнүндө сунуш сот тарабынан жаза аткарууну башкаруучу органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын сунушу боюнча каралат. (3) Сот тарабынан тарбия берүү абактарында жаза өтөп жаткан адамдарга карата жазанын өтөлбөй калган бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштыруу, жаза аткарууну башкаруучу органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын жана жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын биргелешкен сунушу боюнча колдонулат. (4) Сот жазаны аткарууну башкаруучу органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын сунушун соттолгондордун жазаны өтөгөн жери боюнча карайт. (5) Жазанын өтөлбөй калган бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштыруу жөнүндө сунуш соттун жыйналышында прокурордун катышуусу менен каралат. Соттун жыйналышына жаза аткарууну башкаруучу органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын, ошондой эле жашы жете электерге карата сунушту караган учурларда жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын өкүлү жана соттолгон адам чакырылат. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [366-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-366)  
Кийинки берене: [368-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-368)
