# 366-статья. Шарттуу соттоону жокко чыгаруу же сыноо мөөнөтүн узартуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 366-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-366

---

(1) Эгерде сыноо мөөнөтү бүткөнгө чейин, шарттуу соттолгон адам үлгүлүү жүрүм-туруму менен оңолгондугун далилдесе, сот шарттуу соттолгон адамдын жүрүм-турумуна контролдук кылууну жүзөгө ашыруучу органдын сунушу боюнча шарттуу соттоону жокко чыгаруу жөнүндө токтом чыгарышы мүмкүн. (2) Эгерде шарттуу соттолгон адам, ага сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан баш тартса же коомдук тартипти бузуп, бул үчүн администрациялык жаза чарасы көрүлсө, сот ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын сунушу боюнча сыноо мөөнөтүн узартышы мүмкүн, бирок ал бир жылдан ашпоого тийиш. (3) Шарттуу соттолгон адам, сыноо мөөнөтүнүн ичинде сот тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди такай аткарбаган учурда, сот ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын сунушу боюнча шарттуу соттоону жокко чыгаруу жана өкүм боюнча дайындалган жазаны аткартуу жөнүндө токтом чыгарат. (4) Соттолгон адам тарабынан сыноо мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасалган учурда, сот ага өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындайт.

---

Мурунку берене: [365-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-365)  
Кийинки берене: [367-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-367)
