# 364-статья. Өкүмдү аткарууга байланыштуу маселелерди чечүүчү соттор

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202917)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920612..920613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-364>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-364.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 364-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-364

---

(1) Ушул статьяга ылайык өкүмдү аткаруунун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу жөнүндө, айыптоо өкүмүнүн эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүнө байланыштуу жазаны өтөөдөн бошотуу жөнүндө маселелер, ошондой эле өкүмдү аткарууда пайда болгон бардык күмөн саноолор жана так эместиктер өкүм чыгарган сот тарабынан чечилет. (2) Эгерде өкүмдү аткаруу өкүм чыгарган сот иштеген райондон сырткары жерде аткарылса, ал маселелер өкүм аткарылып жаткан райондогу сот тарабынан чечилет. Мындай учурда токтомдун көчүрмөсү өкүм чыгарган сотко жиберилет. (3) Катуу ооруга чалдыккандыгына байланыштуу жазаны өтөөдөн бошотуу жөнүндө, жазанын өтөлбөгөн бөлүгүн кыйла жеңил жаза менен алмаштыруу тууралу, жазаны аткаруу менен коштолгон медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу, бир түрдөгү абактан башкасына которуу жөнүндө маселелер өкүм кайсы сот тарабынан чыгарылгандыгына карабастан, соттолгон адамдын жазаны өтөгөн орду боюнча сот тарабынан чечилет. (4) Шарттуу соттоодо шарттуу соттоону жокко чыгаруу, жазаларды коомдук жумуштарга, түзөтүү жумуштарына тартуу, жазаны өтөөдөн атайылап качканда жазанын башка түрлөрү менен эркиндигин чектөөгө алмаштыруу жөнүндө же сыноо мөөнөтүн узартуу жөнүндө, жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну жокко чыгаруу тууралу маселелер соттолгон адамдын жашаган жери боюнча сот тарабынан чечилет. (5) Өкүмдү аткарууга байланыштуу маселелерди чечүү прокурордун катышуусу менен сот заседаниесинде жүргүзүлөт. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [363-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-363)  
Кийинки берене: [365-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-365)
