# 363-статья. Катуу ооруга байланыштуу жазаны өтөөдөн бошотуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 января 2014 года № 22 "О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205244)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.01.2014 [Закон КР от 30 января 2014 года № 22 "О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205244); 10.02.2010 [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202917)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920633..920634>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 363-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-363

---

(1) Соттолгон адам жазаны өтөөнүн убагында жазаны өтөөгө жолтоо кылуучу жин оорусуна же башка катуу ооруга чалдыкса, сот жазаны аткарууну жүргүзүүчү мекеменин зардалынын же органдын сунушу боюнча, врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде соттолгон адамды жазаны андан ары өтөөдөн бошотууга укуктуу. (2) Жин оорусуна чалдыккан соттолгон адамды жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу менен бир эле убакта сот ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууга, же болбосо аны саламаттык сактоо органдарынын же туугандарынын камкордугуна берүүгө укуктуу. (3) Жин оорусуна чалдыккан адамдардан башка жазаны өтөөгө тоскоолдук кылуучу катуу ооруга чалдыккан адамдарды жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө маселени чечүүдө судья жасалган кылмыштын оордугун, соттолгон адамдын инсандыгын жана башка жагдайларды эске алат. (4) Соттолгон адамды оорусу боюнча жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу менен сот аны негизги гана эмес, кошумча жаза-чараларынан да бошотууга укуктуу. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2014-жылдын 30-январындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [362-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-362)  
Кийинки берене: [364-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-364)
