# 362-статья. Өкүмдүн аткарылышынын мөөнөтүн кийинкиге калтыруу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202917)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.02.2010 [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202917); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920612..920613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 362-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-362

---

(1) Адамды коомдук иштерге тартууга, түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө, же эркинен ажыратууга соттоо жөнүндө өкүмдү аткаруу мөөнөтү төмөндөгү негиздердин бири болгондо:

1) соттолгон адамдын жаза өтөөгө тоскоолдук кылган катуу оорусу болгондо - ал айыкканга чейин;

2) соттолгон аял кош бойлуу же соттолгон аялдын жаш балдары болгондо - өзгөчө оор кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондордон башкалары кенже жаш баласы он төрт жашка чыкканга чейин;

3) өрт же башка табигый кырсыктар, катуу ооруга чалдыгуу, үй-бүлөнүн жалгыз эмгекке жарамдуу мүчөсүнүн өлүмү же башка өзгөчө жагдайлардан улам жазаны токтоосуз өтөө кесилген адам же анын үй-бүлөсү үчүн оор кесепеттерге алып келгенде иши мүмкүн болсо - сот тарабынан белгиленген, бирок алты айдан ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылат.

(2) Эгерде айыпты токтоосуз төлөө соттолгон адам үчүн мүмкүн эмес болсо, аны төлөө алты айлык мөөнөткө чейин кийинкиге калтырылышы же ал бөлүп-бөлүп төлөтүлүшү мүмкүн. (3) Өкүмдү аткаруунун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу жөнүндө маселе соттолгон адамдын, анын мыйзамдуу өкүлүнүн, жакын туугандарынын, жактоочусунун өтүнүчү боюнча, же болбосо прокурордун сунушу боюнча сот тарабынан чечилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [361-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-361)  
Кийинки берене: [363-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-363)
