Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
362-статья. Өкүмдүн аткарылышынын мөөнөтүн кийинкиге калтыруу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 41-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27
(1) Адамды коомдук иштерге тартууга, түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө, же эркинен ажыратууга соттоо жөнүндө өкүмдү аткаруу мөөнөтү төмөндөгү негиздердин бири болгондо:
1) соттолгон адамдын жаза өтөөгө тоскоолдук кылган катуу оорусу болгондо - ал айыкканга чейин;
2) соттолгон аял кош бойлуу же соттолгон аялдын жаш балдары болгондо - өзгөчө оор кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондордон башкалары кенже жаш баласы он төрт жашка чыкканга чейин;
3) өрт же башка табигый кырсыктар, катуу ооруга чалдыгуу, үй-бүлөнүн жалгыз эмгекке жарамдуу мүчөсүнүн өлүмү же башка өзгөчө жагдайлардан улам жазаны токтоосуз өтөө кесилген адам же анын үй-бүлөсү үчүн оор кесепеттерге алып келгенде иши мүмкүн болсо - сот тарабынан белгиленген, бирок алты айдан ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылат.
(2) Эгерде айыпты токтоосуз төлөө соттолгон адам үчүн мүмкүн эмес болсо, аны төлөө алты айлык мөөнөткө чейин кийинкиге калтырылышы же ал бөлүп-бөлүп төлөтүлүшү мүмкүн. (3) Өкүмдү аткаруунун мөөнөтүн кийинкиге калтыруу жөнүндө маселе соттолгон адамдын, анын мыйзамдуу өкүлүнүн, жакын туугандарынын, жактоочусунун өтүнүчү боюнча, же болбосо прокурордун сунушу боюнча сот тарабынан чечилет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
10.02.2010 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мөөнөтүн кийинкиге калтыруу
(1) Адамды коомдук иштерге тартууга, алынып салынды: камакка алууга кошулду: түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө, же эркинен ажыратууга соттоо жөнүндө өкүмдү аткаруу мөөнөтү төмөндөгү … эркиндигинен ажыратууга соттолгондордон башкалары кенже жаш баласы алынып салынды: сегиз кошулду: он төрт жашка чыкканга чейин;
3) өрт же башка табигый кырсыктар, катуу ооруга … сунушу боюнча сот тарабынан чечилет.
(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № алынып салынды: 91 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Приказ Минюста КР и Минздрава КР от 21 ноября 2002 года № 175/484 "О порядке представления осужденных к освобождению от отбывания наказания по болезни"Приказ · 21.11.2002 · № 175/484 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-362" title="362-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>