# 360-статья. Соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун аткарууга алуу тартиби

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 40-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-360>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-360.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 360-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-360

---

(1) Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, аныктамасы, токтому бардык уюмдар, кызмат адамдары, жарандар үчүн милдеттүү болот. (2) Өкүмдү, аныктаманы, токтомду аткарууга алуу ишти биринчи инстанцияда караган сотко жүктөлөт. Өкүмдү аткаруу жөнүндө тескеме судья тарабынан өкүмдүн көчүрмөсү менен кошо, жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык өкүмдү аткаруу милдети жүктөлгөн органга жөнөтүлөт. (3) Өкүмдү аткаруучу органдар, анын аткарылгандыгы жөнүндө өкүмдү чыгарган биринчи инстанциядагы сотко дароо маалымдайт. Өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясы соттолгон адам жазасын өтөп жаткан жер жөнүндө өкүм чыгарган сотко маалымдоого тийиш.

---

Мурунку берене: [359-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-359)  
Кийинки берене: [361-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-361)
