# 36-статья. Тергөөчүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 января 2014 года № 11 "О внесении дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205231)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.01.2014 [Закон КР от 15 января 2014 года № 11 "О внесении дополнений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205231); 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 231 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203189); 14.07.2008 [Закон КР от 14 июля 2008 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202354); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920632..920633>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 36-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-36

---

(1) Тергөөчү жазык ишин тергөөдө:

1) шектүүнү, айыпкерди, жабырлануучуну, күбөнү, экспертти жана адисти суракка алууга, экспертиза дайындоого, карап чыгуу, тинтүү, чыгарып алуу жана башка тергөө аракеттерин ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүүгө;

2) жабырлануучунун тарткан зыянынын ордун толтурууга карата чара көрүүгө;

3) окуя жана ага тиешеси бар адамдар жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, материалдарды талап кылууга;

4) ревизия, инвентаризация, ведомстволук экспертиза, башка текшерүү аракеттерин жүргүзүүнү талап кылууга;

5) тергелип жаткан ишке байланыштуу кылмыштын бетин ачуу, жоголгон адамдарды жана мүлктү табуу боюнча изин суутпай издөө аракеттеринин жүргүзүлүшү жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды алгачкы текшерүү органынан алууга;

6) жазык ишине байланыштуу изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү тууралу алгачкы текшерүү органына ал үчүн милдеттүү болгон жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды берүүгө;

7) алгачкы текшерүү органына кармоо, алып келүү, камакка алуу, башка процесстик аракеттерди жүргүзүү жөнүндө токтомдун аткарылышын тапшырууга, ошондой эле тергөө жана башка процесстик аракеттерди ишке ашырууда өзүнүн биринчи талабы боюнча алгачкы текшерүү органынан көмөк алууга;

8) алгачкы текшерүү органына жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө. жабырлануучуга жана башка катышуучуларга карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырууну тапшырууга;

9) алгачкы текшерүү органына айрым тергөө аракеттерин жүргүзүүнү тапшырууга;

10) тилмечтерди, адистерди, эксперттерди бөлүүнү талап кылууга;

11) кылмыш жасоодо шектүү болгон адамды кармоого;

12) жактоочунун жазык иш боюнча өндүрүшкө катышуусун камсыз кылууга, ал эми мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга карата мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам берүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынан жактоочуну дайындоону талап кылууга;

13) адамды айыпкер катары тартуу жөнүндө токтом чыгарууга, күнөө коюуга;

14) жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер деп таап жана алардын өкүлдөрүнө жазык ишинин жүрүшүнө катышууга жол берүүгө;

15) тилмечке, адиске, экспертке билдирилген баш тартууга уруксат берүүгө;

16) жазык иши боюнча тергөө ишин жүргүзүүгө байланыштуу өтүнүчтөрдү чечүүгө;

17) өз кызмат укугунун чектеринде даттанууларды чечүүгө;

18) бөгөт коюу чараларын тандап алуу, өзгөртүү, жокко чыгаруу жөнүндө жана процесстик мажбурлоо мүнөзүндөгү, эгерде ушул Кодексте прокурордун санкциясы же соттун чечими талап кылынбаса, башка чараларды колдонуу тууралу токтом чыгарууга;

19) жазык иши боюнча тергөөнү токтото туруу, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарууга;

19-1) ушул Кодекстин 45-1-главасында каралган тартипте сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашырууга;

20) прокурордун көрсөтмөлөрүн аткарууга;

21) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.

(2) Жазык иши боюнча тергөөчүнүн токтому жарандар, уюмдардын жетекчилери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Тергөөчүнүн токтомун аткарбай коюу мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2009-жылдын 17-июлундагы № 231, 2014-жылдын 15-январындагы № 11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-37)
