# 358-статья. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кирүүсү жана аны аткарууга алуу

- Документ: [ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ](https://aqlex.ai/kg/doc/9)
- Документтеги орду: 40-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июну № 62 " ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.1999
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202917)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/9#diff=920612..920613>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-6/edition/920575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/9/st-358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.1999 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ, 358-статья (30.06.1999 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-358

---

(1) Биринчи инстанциядагы соттун өкүмү, даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет жана аткарылуу үчүн жиберилүүгө тийиш. (2) Апелляциялык даттануу же сунуш келтирилген учурда, эгерде иштин биринчи инстанциядагы сотко жаңыдан кароого жиберилиши менен биринчи инстанциянын өкүлү жокко чыгарылбаса, соттук коллегия аныктама чыгарган күнү ал мыйзамдуу күчүнө кирет. (3) Эгерде бир нече соттолгондор болгондо, өкүмгө бир же бир нече соттолгон адамдар жаатында даттанылса, ал өкүмгө даттануу бербеген соттолгон адамдарга карата апелляциялык инстанция өкүм чыгарган күнү мыйзамдуу күчүнө кирет. (4) Өкүм биринчи инстанциядагы сот тарабынан ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып же иш апелляциялык инстанциядагы соттон кайтарылып берилгенден үч суткадан кечиктирилбестен аткарууга алынат. (5) (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (6) Өкүмдүн аткарылышына көзөмөлдүк, өкүм чыгарган сот тарабынан, же соттолгон адам жазасын өтөп жаткан жердеги сот, ошондой эле прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [357-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-357)  
Кийинки берене: [359-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/9/st-359)
